Ирандын мамлекеттик маалымат булактары 8-январда кабарлашкандай, мурунку президент Акбар Хашеми Рафсанжани Тегерандагы ооруканада 82 жашында инфарктан көз жумду.
Рафсанжани 1989-1997-жылдары мамлекетти башкарган. 2005-жылдагы президенттик шайлоодо кайра ат салышып, Махмуд Ахмединежадга утулуп калган.
Маркум 1979-жылдагы революциядан кийин ислам республикасын түптөөдө негизги ролду ойногон адамдардын бири болчу.