Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев прокуратураны “репрессия органы” деп сыпаттады жана бул система жараксыз болуп калганын айтып, анын ишине канааттанбасын билдирди. Президент 8-январда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө "Прокуратура жазалоо менен гана алектенген репрессия органы болбой, тескерисинче, жарандардын укук жана эркиндигин тажрыйбада коргоого тийиш", экендигин ырастады.
Өзбекстанда прокуратура кызматкерлеринин күнү быйыл алгач ирет белгиленди.
1992-жылдын 8-январында маркум президент Ислам Каримов “Прокуратура органдары тууралуу” мыйзамга кол койгон. 2016-жылдын 19-декабрында “Прокуратура кызматкерлери жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. (SE)