Ош облусунда өзүн КТРКнын кабарчысы катары тааныштырып, мамлекеттик кызматкерлерден акча өндүрүп жүргөн адам милицияга кармалды. Күч органдарынын маалыматына ылайык, ал эфирге чыгарам деп, Араван районундагы сегиз мектептин директорлорунан 1500 сомдон акча алган. Андан тышкары, ресторанда өтө турган майрамдык салтанатка жасалма чакыруу кагаздарын берген.
Директорлор куттуктоолору эфирге чыкпагандыктан, каналдын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылгандан кийин гана андай кабарчы жок экенин, алданышканын билишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шылуундук кылган жигит тойлорду видеотасмага тартып иштечү. (SE)