Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылындагы жер көчкүгө жакын жайгашкан эки үй-бүлө мүчөлөрү коопсуз аймакка көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 3-январда Көк-Арт айыл аймагына караган Жалгыз-Жаңгак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада жер көчкү 50 метрдей жылып, 16 турак жайга коркунуч жаралган. Жергиликтүү бийлик алардын ичинен 2 үй-бүлөнү көчүрдү, калган 14ү түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат.
Бул аймакта жер көчкү 1990 -1994-жылдары да жүрүп, 6 үй жабыркап, 16 турак жайды басып калуу коркунучу туулган. ӨКМнин маалыматы боюнча, аларга коопсуз аймактардан жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар бөлүнгөн, эскертүүлөр берилген. Бирок ал жерде эл дале жашап келет. (NT)