Кытайдын «Хэбэй», «Чунцин Лифань», «Шаньдун» жана «Ляонин» футбол клубдары Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Валерий Кичинге кызыгып, өз катарына тартууну сунуштап жатышканын sport-express.ru сайты жазып чыкты.
Валерий Кичин Кыргызстандын курама командасынын жана Орусиянын "Енисей" клубунун оюнчусу.
Бул сезондо 24 жаштагы футболчу "Енисей" клубунун курамында 10 оюнга катышып, пенальти менен бир гол киргизген.