Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Мэр кызматына талапкерлердин дебаты 10-январда өтүшү мүмкүн


Бишкек.
Бишкек.

Бул тууралуу парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Бишкек шаар башчылыгына талапкерлердин дебатын өткөрүүгө үч телеканал даярдыгын маалымдашты. Алар - КТРК, НТС жана "Сентябрь" каналдары.

Талапкерлердин бири Нурдин Абдылдаев бул компаниялардын кайсынысы ыңгайлуу болсо, ошол аркылуу таймашка чыгуу тууралуу атаандашы Албек Ибраимовго расмий кат жолдогон. Аталган фракция теледебатты 10-январга белгилөөнү сунуштоодо. Азырынча Албек Ибраимов жооп бере элек.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өтөт. Мэр шаардык кеңеш депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Баш калаа жетекчиси кызматына эки талапкер ат салышат. Алардын бири азыркы мэр Албек Ибраимовду коалициялык көпчүлүк көрсөткөн, экинчиси "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер Нурдин Абдылдаев.

Былтыр 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине беш фракция келген. Алардын ичинен КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалиция түзүп, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда калган. (NT)

XS
SM
MD
LG