Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27 өлкөгө киргизиле турган визасыз каттам планын дээрлик төрт жылга жылдырды.
29-декабрда кол коюлган бул жарлык 9-январда өзбек президентинин расмий сайтына жарыяланды.
6-декабрдагы алгачкы жарлыкка ылайык, визасыз каттам режими 2017-жылдын 1-апрелинен тарта иштеп башташы керек эле. Эми жаңы чечим менен бул план 2021-жылы гана күчүнө кирмей болду.
Планга ылайык, Австралия, Британия, Германия сыяктуу 15 өлкөнүн жарандары 30 күнгө чейин Өзбекстанда визасыз жүрө алышмак.