Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Обама: киберчабуулдарга убагында маани берилбей калган


Барак Обама
Барак Обама

АКШнын президенти Барак Обама хакердик чабуулдар менен бурмаланган маалыматтардын демократиялык процесстерге тийгизген таасирине убагында олуттуу маани бербей калганын айтты. Анын мындай билдирүүсү Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүү аракети тууралуу чалгын агенттиктеринин баяндамасынан кийин жасалды. АКШнын атайын кызматтары орус президенти Владимир Путин республикачылардын талапкери Дональд Трампка жардам берүү үчүн жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен.

Шайланган президент Трамп Орусиянын киберчабуулдары шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип келет. Бирок анын болочоктогу аппарат жетекчиси Райнс Прибус Орусиядагы объекттер Демократиялык партиянын серверлерин бутага алганын Трамп четке какпай турганын 8-январда айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG