Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ноокатта айыл өкмөт башчынын иштен кетишин талап кылышты


Жаңы-Ноокат айылынын нааразы болгон жашоочулары. 9-январь, 2017-жыл.
Жаңы-Ноокат айылынын нааразы болгон жашоочулары. 9-январь, 2017-жыл.

9-январда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын бир катар тургундары нааразылык жыйынына чогулду. Алар айылдагы жер тартыштыгын чечүүнүн ордуна өзбектандыктарга үлүш жер берип койду деп айыл өкмөт башчысы Нурмахаммад Йулчиевди сынга алышты. Бүгүн нааразы тургундар менен Йулчиев жолугушуп, ал жыйын айыл өкмөт башчысына каршы жана аны колдогон тараптардын ызы-чуусу менен коштолду.

Йулчиев өз дарегине карата айтылгандарды далилдөөнү, ал эми ага нааразы болгондор анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Бүгүн эртең менен "Давран" дыйкан чарбасынын өкүлдөрү маалымат жыйын курушуп, Нурмахаммад Йулчиев 150дөй өзбекстандык жаранга үлүш жер берип койгон деп билдиришкен. Буга чейин ага чара көрүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылышканын, бирок андан натыйжа чыкпаганын айтышкан. Укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек. (NT/YI)

XS
SM
MD
LG