Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Жалал-Абад: энелердин өлүмү 50 пайызга кыскарды


Облус аймагында былтыр төрөт маалындагы жана кош бойлуу энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 50 пайызга азайды. Бул тууралуу 9-январда облустук төрөткана кызматкерлери менен парламент депутаты Альфия Самигулинанын жолугушуусунда айтылды. Маалыматка караганда, 2015-жылы облуста 15 эненин өлүмү катталса, 2016-жылы 7 учур болгон. Депутаттын демилгеси менен өлкө аймагында ишке ашып жаткан “Коопсуз энелик” долбоорунун алкагында акушер-гинекологдор окутулуп, тажрыйба алмашууда.

Бүгүн өз ишинде ийгилик көрсөткөн медиктерге депутат КСДП фракциясынын атынан ыраазычылык кат, компьютер жана акчалай сыйлык тапшырды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда өлүмгө дуушар болот. 2015-жылы өлкөдө 63 аял төрөттөн каза тапкан. Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад жана Ош облустарында, андан кийин Чүй облусу менен Бишкек шаары турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG