30-декабрда Чаткал дарыясынан сөөгү табылган 42 жаштагы Алтынбек Абдраим уулунун жакындары бул өлүмдүн чоо-жайын иликтебей жатат деп милицияга нааразылык билдиришүүдө. Маркумдун агасы Сапарбек Мамадалиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, инисин 27-декабрда эки айылдашы автоунаа оңдотуу үчүн башка айылга алып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үч күндөн кийин анын сөөгү дарыядан табылган. Туугандары ал токмоктон өлдү деп эсептешет:
- Аны эрчитип кеткен эки жигит, сабап сууга ыргытып жиберишкен. Муну көргөн-билген элдин баары айтып жатат. Бирок милиция кылмышка шектүүлөрдү кармабай, ооруканага жаткырып койду, - деди Мамадалиев.
Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы сөөк соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатканын, анын жыйынтыгы чыккандан кийин гана аракет болорун билдирди. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. (RsK)