Түрк полициясы Жаңы жыл түнү 39 адамдын өмүрүн алган Стамбулдагы кандуу кол салууга өзбекстандык Абдулкадир Машарипов шектелип жатканын билдирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттары полицияга шилтеме кылып, “Абу Мухаммед Хорасани” деген лакап атты алып жүргөн Машариповдун Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна байланышы бар экенин жазып чыгышты.
Шектүү кишинин кайда экени азырынча белгисиз. Түркиянын коопсуздук күчтөрү аны дале издеп жатышат. Машарипов Түркияда 2011-жылдан бери жашаганы кабарланууда.
Жаңы жыл түнү “Рейна” түнкү клубундагы кол салууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган.
Буга чейин Түркиянын вице-премьер-министри чабуулду уйгур улутундагы согушкер жасады деп билдирген. Кандуу кол салуудан кийин кыргыз жаранынын паспорту шектүү катары интернетке тарап кетип, кийинчерээк анын чабуулга эч кандай тиешеси жок экени аныкталган.