Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Ала-Бука: Акпаралиев айылдык кеңеш төрагалыгына шайланган жок


Дилмурат Акпаралиев.

Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык кеңештин жаңы курамы төрага шайлады. Жергиликтүү кеңештен “Азаттыкка” кабарлашкандай, анда эки адамдын талапкерлиги коюлду жана 31 депутаттын 25и Маматкул Мамырбековду, калган алтоо Дилмурат Акпаралиевди колдоду.

Акпаралиев 2012-2016-жылдары, жергиликтүү кеңештин өткөн чакырылышында аталган айылдык кеңешке жана кошмо жыйынга төрагалык кылган. “Азаттык” өткөн айда аталган райондогу бюджеттеги каражаттын сарпталышы, эсеп-кысабы жана тендерлер боюнча айтылган нааразылыктарды иликтеп чыккан. Мыйзамсыз иштерге байланыштуу Акпаралиевдин ысымы аталган.

“Азаттык” Акпаралиев тууралуу 2015-жылы парламенттик шайлоо маалында жазып чыккан. Кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен таанымал, жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча "положенец" деген наам алып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Акпаралиев Социал-демократтар партиясынын тизмесинде болгон жана ошол макаладан кийин тизмеден чыгарылган эле.(EBM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG