Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов 9-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын этегинде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия Кыргызстанга келип, коюлган талаптардын аткарылганын көрүп кетишкен. Жыйынтыгында бир гана Казакстандын өкүлү "Кыргызстанда шарп ылаңы бар" деген жүйө менен тиешелүү документке кол койгон эмес.
Жумаканов кошумчалагандай, өлкөдө шарп эң акыркы жолу 2014-жылы катталган, андан бери мал ылаңы боло элек.
Аталган комитет отурумунда Кыргызстандан чыккан товарларды автоунаа менен ташууга тыюу салуу тууралуу казак тараптын каты да талкууланды. 3-январда Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Ибраеванын колу коюлган кат электрондук почтага келген.
Анда быйылтан тарта Казакстандын аймагынан өткөн ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө милдеттүү товарлар темир жол аркылуу гана ташылышы керектиги айтылган. Мындай чечимди коңшу өлкө Бажы биримдигинин 2010-жылдагы чечими менен түшүндүргөн. Жаңы жылдык эс алууга байланыштуу кыргыз тарап ошондон бери казакстандык кесиптештери менен байланыша алган эмес:
- Бүгүнкү күндө эт-сүт азыктары сыртка тоскоолдуксуз өтүүдө. Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенден кийин транзит деген түшүнүк болбошу керек. Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышып, бул жагдайды тактайбыз, - деди Жумаканов.
Расмий маалымат боюнча, былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө 5,9 миң тонна сүт азыктары экспорттолгон, былтыр ал 22 миң тоннага көбөйгөн. (NT)