Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын чалгын кызматтарынын хакердик чабуулдарды уюштурууга орус президенти Владимир Путин буйрук берди деген тыянагын четке какты. Ал атайын кызматтардын баяндамасын “негизсиз доомат” жана эмоция менен жасалган иш деп мүнөздөдү.
“Биз дале Москва же орус расмийлери кийлигишти деген сөздөрдү кескин түрдө четке кагабыз”,-деди Песков.
Ал расмий Москва менен шайланган президент Дональд Трамптын болочоктогу администрациясы ортосунда эч кандай байланыш жок экенин кошумчалады.
Шайлоо өнөктүгү маалындагы хакердик чабуулдарды иликтеген АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги 6-январда иликтөөсүнүн коомчулук үчүн ачык бөлүгүн жарыялаган. Анда президент Путин Трамптын шайлоону жеңип чыгышы үчүн хакердик чабуулдар жана медиадагы бурмаланган маалыматтар менен коштолгон өнөктүк уюштурууга буйрук берген деп айтылган.
Президент Барак Обама иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн атайын кызматтын баяндамасында далилдер ачык көрсөтүлбөгөнүн айтты.