Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Мурдагы украин премьери “бозгундагы өкмөт” түзүшү мүмкүн


Микола Азаров
Микола Азаров

Украинанын мурдагы премьер-министри Микола Азаров “бозгундагы украин өкмөтүн” түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Ал мындай чечимине Москва сотунун Азаровдун өкмөтү 2014-жылдын башында мыйзамсыз төңкөрүштүн натыйжасында ыдырады деген өкүм чыгарганы себеп болгонун белгиледи.

Азаров 9-январда Москвада сүйлөгөн сөзүндө украиналыктар альтернативаны талап кылса, өлкөнүн чегинен тышкары иш алып барган өкмөт түзүүгө муктаждык жараларын айтты. Ошондой эле ал Украинаны куткаруу комитети Москва сотунун чечиминен кийин аты так айтылбаган “эл аралык сотко” кайрыларын кошумчалады.

Азаров мурдагы президент Виктор Януковичтин бийлиги тушунда, 2010-жылдын май айынан 2014-жылдын январь айына чейин Украинанын өкмөт башчысы болуп иштеген. 2014-жылдын февраль айында Киевдеги элдик толкундоолордон кийин Москвага качкан.

XS
SM
MD
LG