Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Сибирде лосьондон каза тапкандар 76га жетти


“Боярышник” лосьону
“Боярышник” лосьону

Сибирдин Иркутск аймагында лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 17-декабрдан бери 76га жеткенин Орусиянын аймактык саламаттыкты сактоо өкүлдөрү билдиришти. Лосьон ичип ууланган үч адам дале ооруканада жатат.

Орусиянын иликтөө комитети билдиргендей, жуунганда колдонулуучу лосьондун курамында адам организми үчүн зыяндуу метанол болгон. Жергиликтүү тургундар аны алкоголдук ичимдиктердин курамындагы этил спирти экен деп ичип алышкан.

“Боярышник” деп аталган лосьонду сатты деп шектелген 22 киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG