Бишкектин калаа башчылыгына талапкерлер Нурдин Абдылдаев менен Албек Ибраимовдун телетаймашы кайсыл каналда болору тактала элек.
Абдылдаевди мэрликке сунуштаган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан билдиришкендей, дебатты өткөрүүгө КТРК, НТС жана “Сентябрь” каналдары даяр экенин маалымдашкан. Аны 10-январга белгилөөнү аталган партия сунуштаган. Экинчи талапкер - Албек Ибраимовго бул боюнча расмий кат жолдонгон, азырынча андан жооп алына элек.
Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар 11-январда мэр шайлашат. Баш калаа жетекчиси кызматына азыркы мэр Албек Ибраимовду коалициялык көпчүлүк көрсөткөн, Нурдин Абдылдаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер.
Шаардык кеңештеги КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалицияда. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда. (SE)