Адвокаттар Азимжан Аскаров күнөөсүн кыйноонун натыйжасында алганын белгилешүүдө. Адвокат Нурбек Токтакунов Аскаровго байланыштуу кылмыш ишин тергөө калыс караган эмес деген пикирин бүгүнкү сот отурумунда билдирди. Аскаровдун коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова соттон акыйкат өкүм чыгаруусун өтүндү.
Азимжан Аскаровдун соту ушул тапта Чүй облустук сотунда каралып жатат. Мурда Жалал-Абадда укук коргоочулук менен алектенген Аскаровго 2010-жылдагы калабада "жаңжалды козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү буга макул эмес.(ZKo;NT)