Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Аскаровго өкүм 17-январда чыгат


Бүгүнкү акыркы отурумда сот тараптардын пикирин жана соттолуучунун сөзүн уккан соң, 17-январга чейин кеңешмеге кетти. Ошол күнү өкүм чыгары күтүлүүдө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасында “жаңжал уюштурган, милицияны өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышын мыйзамсыз деп билдирип, Аскаровду бошотууну талап кылган. Сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Аскаровдун ишин 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде ишти карап келген.

Бүгүн Аскаров өзү жана анын жактоочулары соттон адилет чечим чыгарып, актап берүүсүн өтүнүштү. Мамлекеттик айыптоо болсо Аскаровду кайра өмүр бою камоого өкүм чыгарууну суранды.(NT/ZKo)

XS
SM
MD
LG