АКШнын мамлекетик катчысы Жон Керри 9-январда сүйлөгөн сөзүндө өткөн кылымда Мамлекеттик департаменттин кысымына кабылган ЛГБТ коомчулугунан кечирим сурады.
- 1940-жылдарда жана андан кийинки жылдары да Мамлекеттик департамент башка мамлекеттик жана жеке мекемелердин катарында өз кызматкерлерин алардын жыныстык багытынан улам дискриминациялаган. Бул себептен улам алар жумушчуларын иштен кетүүгө мажбурлап же кызматка алуудан баш тартып келишкен,-деген Керри мындай тажрыйбанын алкагында жабыркаган бардык жарандардан кечирим сурап, Мамлекеттик департамент соңку жылдары чет жерде иштеген сексуалдык багыты өзгөчө адамдар үчүн бирдей укук камсыздап берүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.