Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Актауда ачкачылык кармаган мунайчылардын саламаттыгы начарлады


Отуз чакты мунайчы Актау шаарында ачкачылык кармап жатышат.
Отуз чакты мунайчы Актау шаарында ачкачылык кармап жатышат.

Казакстандын Актау шаарында беш күндөн бери ачкачылык кармап жаткан мунайчылардын саламаттыгы кескин начарлады. 9-январда акциянын катышуучуларынын абалы начар экенин "тез жардамдын" дарыгерлери аныкташты. Oil Construction Company ишканасынын отуз чакты жумушчусу Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясынын каттоосун кайра калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Ачкачылык кармагандардын бири Бейбит Кошбаев:

-Иш берүүчү менен жумушчулардын көз караштары бири-биринен айырмаланат. Биздин көз карандысыз профсоюз бул экөөнү бириктирип турган “алтын көпүрө”. Биз профсоюз аркылуу өз талаптарыбызды жетекчиликке жеткирип келгенбиз. Эгер Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясын жок кылышса, биздин укугубуз бузулат. Ошол себептен аны кайра каттоодон өткөрүлүшүн талап кылып жатабыз.

Акциянын катышуучулары талаптары аткарылмайынча ачкачылык кармоону уланта берерин билдиришти.

Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясын жоюу тууралуу чечимди Түштүк Казакстан облсунун атайын соту 4-январда чыгарган. Oil Construction Company мунай компаниясынын жумушчулар профсоюзу да дал ушул конфедерацияга мүчө болчу.

XS
SM
MD
LG