Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Пакистан алгачкы канаттуу ракетасын учурду


Пакистан “Бабур-3” канаттуу ракетасын учурду.
Пакистан “Бабур-3” канаттуу ракетасын учурду.

Пакистан дүйшөмбүдө алгачкы жолу “Бабур-3” канаттуу ракетасын учурду. Суу алдында жүрүүчү кемеден кое берилеген ракетаны сыноо Индия океанында өткөрүлдү. Ракета 450 чакырым алыстыкка уча алат.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф өз өлкөсүн бул сыноонун ийгиликтүү жүрүшү менен куттуктады.

Бул операция Пакистан менен Индиянын мамилесин дагы катаалдатышы мүмкүндүгүн байкоочулар белгилеп жатышат. Өзөктүк куралга ээ бул эки өлкө алыска учуучу ракеталарды 1998-жылдан бери сынап келишет.

Индия 2013-жылы канаттуу ракета учурган.

XS
SM
MD
LG