Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 10-январда Казакстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгынын маанилүү маселелери талкууланды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Казак бийлиги ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө зарыл болгон товарлар Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылуусу керектигин 3-январда маалымдаган. Кыргыз тарап бул эскертүү күтүүсүз болгонун айтууда.
ЕАЭБ алкагында Ветеринардык көзөмөл маселеси Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбей келе жатат.(ZKo)