Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын төрагасы алмашты


Замирбек Осмонов.
Замирбек Осмонов.

Замирбек Осмонов өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 10-январда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчиси республиканын экономикалык коопсуздугу жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштүн абалы үчүн жеке жоопкерчилик алат.

Мурда бул кызматты Айбек Кадыралиев аркалаган. Өкмөт башчынын буйругу менен ал Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. (SE)

XS
SM
MD
LG