Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Москвада сот мурдагы министр Улюкаевдин үй камактагы мөөнөтүн узартты


Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев.
Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев.

Москванын Басманный райондук соту мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев үй камактагы мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун орус кызматы маалымдады.

Тергөөчү Роман Нестеровдун шейшембиде маалымдашынча, Улюкаевге каршы көрсөтмөлөрдү мурда анын кол алдында иштеген "Росимущество" ишканасынын кызматкерлери беришти.

Коррупцияга айыпталып жаткан экс-министр Улюкаев сот жыйынында баш коргоо чарасын өзгөртүп, тил кат менен бошотууну суранды.

Улюкаев 14-ноябрдын түнүндө эки миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалган. Мурдагы министр бул акчаны мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн алганы кабарланган. Улюкаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

15-ноябрда Москванын Басманный райондук соту Улюкаевди тергөө иштери бүткүчө үй камагында кармоо чечимин чыгарган. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны министрлик кызматынан бошоткон.

XS
SM
MD
LG