Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Албек Ибраимов телетаймашка катышкан жок


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек мэри кызматына ат салышып жаткандардын телетаймашына азыркы калаа башчынын милдетин аткаруучу Албек Ибраимов келген жок. Дебат ушул тапта “Сентябрь” телеканалында өтүүдө. Журналист Нарын Айып кыргыз жана орус тилдеринде алып бараткан көрсөтүүгө экинчи талапкер Нурдин Абдылдаев жалгыз катышууда. Дебат саат 21:00дө башталды.

Алып баруучу билдиргендей, буга чейин Ибраимовдун катышуусу макулдашылган. Анын жардамчысы бул тууралуу телеканалга да, атаандашы Абдылдаевге да билдирген. Бирок акыркы сааттарда телефонуна жооп берген эмес. Жардамчысы мэрдин милдетин аткаруучу Ибраимов жумуштары менен жүргөнүн билдирген. Азырынча буга расмий комментарий берише элек.

Эки талапкердин телетаймашын өткөрүү сунушу КТРК, НТС жана “Сентябрь” каналдарына берилип, “Сентябрь” тандалган.

Мэр шайлоо 11-январда шаардык кеңеште өтөт. Албек Ибраимовду коалициялык көпчүлүк, ал эми Нурдин Абдылдаев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган.

Көпчүлүк коалицияда КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары бар. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда. (SE)

XS
SM
MD
LG