Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Савченко туткундалгандардын жана дайынсыз жоголгондордун тизмесин жарыялады


Украиналык учкуч, Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко.
Украиналык учкуч, Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Донбасста, Крымда жана Орусияда туткунда калган украиналыктардын тизмесин жарыялады. Ал тизмеде 124 туткундун жана Донбасстын аймагында дайынсыз жоголгон 494 адамдын аты-жөнү жазылган.

Депутат тараткан маалыматка ылайык, Донбасстагы козголоңчулар өзүлөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атап алган аймактардын 900дөй өкүлүн бошотууну талап кылышууда.

Савченко бул кадамга эки тараптын туткундарды алмашуу процесси ачык болушу үчүн барганын билдирди. Ал эл аралык тажрыйбага таянып, алмашуу процессин үч этап менен өткөрүүнү сунуштады.

Өткөн аптада Украинанын Коопсуздук кызматы Савченко менен түшүндүрүү иштерин өткөрөрүн билдирген. Мекеме жетекчисинин кеңешчиси Юрий Тандит туткундагылар жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтардын ачыкталышы биринчи кезекте туткундардын өздөрүнө жана жакындарына зыян келтириши мүмкүндүгүн айтты.

7-декабрда Савченко Минскиде өздөрүн Луганск жана Донецк республикаларынын лидерлери атаган Игорь Плотницкий жана Александр Захарченко менен кездешкен. Жашыруун жолугушууга орус тараптан да өкүл катышканы айтылат. Украин коопсуздук кызматынын маалыматында, ал жерде жоочуларга мунапыс берүү, Донбасстагы Украина көзөмөлдөбөгөн аймактардан экономикалык санкцияларды алып салуу да сүйлөшүлгөн. Савченко мунун баарын четке кагып, болгону туткундарды алмашуу маселеси козголгонун билдирген.

Бул окуядан соң Украина Жогорку Радасындагы “Батькивщина” фракциясы Надежда Савченкону катарынан чыгарып салган.

XS
SM
MD
LG