Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Ооганстандын Кандагар провинциясындагы жардыруудан беш киши өлдү


Кандагар провинциясынын губернатору Гамаюн Азизи.
Кандагар провинциясынын губернатору Гамаюн Азизи.

Ооганстан бийлиги маалымдагандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында 10-январь кечке жуук болгон жардыруудан беш киши мерт кетип, 14 адам жарадар болду. Жарадарлардын арасында аймактын губернатору жана Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси да бар.

Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Сами Хпалвактын айтышынча, жардыруу губернатор Гамаюн Азизи Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси менен жолугушуп жаткан маалда, борбордогу конок үйлөрдүн болгон. Бул маалыматты Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер министрлиги да ырастады.

Ушуну менен 10-январда Ооганстандын аймагында үчүнчү теракт катталды.

Күндүз Кабулдагы парламенттин жанында болгон кош жардыруудан курман болгондордун саны 38ге жетти, ал эми Гилмент провинциясындагы уруу аксакалдарынын биринин үйүндө болгон калабадан жети киши мерт кетти. Кабулдагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG