Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Обама президенттик кызматтагы коштошуу сөзүн айтат


Барак Обама бүгүн Чикагодо президенттик кызматтагы коштошуу сөзүн сүйлөйт. Мамлекеттик башкаруудан кетип жаткандагы акыркы кайрылуусу Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 8де башталат.

АКШнын 44-президенти, 56 жаштагы Барак Обама демократтар партиясынын өкүлү. 2008-жылкы президенттик шайлоодо жеңип, 2009-жылдын 20-январынан тарта кызматка киришкен. 2012-жылкы шайлоодо экинчи ирет президент болгон.

Мамлекет башчылыкка ат салышканга чейин Иллинойс штатынан федералдык сенатор катары эмгектенген.

Ал АКШ президенттигине шайланган алгачкы афроамерикалык жаран.

Быйыл 20-январдан тарта өлкө президенттигине республикачы Дональд Трамп киришет. (SE)

XS
SM
MD
LG