Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Барак Обама коштошуу сөзүн сүйлөп жатат


АКШ президенттигинен кетип жаткан Барак Обама ушул тапта Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөөдө. Жүздөгөн адамдардын катышуусунда кайрылуу жасаган Обама глобалдык көйгөйгө айланган терроризм, демократиялык баалуулуктар, Орусия, Кытай сыяктуу ири өлкөлөр менен кызматташтык темаларына токтолду. Анын сөздөрүн угууга келгендер коштоп, кол чаап колдоп турушат.

Мөөнөтү аяктап жаткан президент жубайы Мишел Обамага аны колдоп кубаттаганы үчүн, кыздарына жооптуу мезгилде өздөрүн ылайыктуу алып жүргөнү үчүн ыраазылык билдирди.

Обама коштошуу сөзүн айтары тууралуу аз илгерээк жарыя кылган:

- 1796-жылы Жорж Вашингтон бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө чыйыр жол салган. Ошондой эле ал президенттердин элге коштошуу сөзүн айтуу салтын киргизди. 220 жыл өтсө да бул салт бузулбай, көптөгөн америкалык президенттер аны улантууда.

Мен коштошуу сөзүн сүйлөө үчүн шейшемби, 10-январда Чикагодогу үйүмө барам. Ал жерде сиз катышпасаңыз да сизге ыраазычылык билдирген сөзүмдү айтам...

АКШнын 44-президенти 56 жаштагы Барак Обама демократтар партиясынын өкүлү. 2008-жылкы шайлоодо жеңип, 2009-жылдын 20-январынан тарта кызматка киришкен. 2012-жылкы шайлоодо экинчи ирет президент болгон.

Мамлекет башчылыкка ат салышканга чейин Иллинойс штатынан федералдык сенатор катары эмгектенген.

Ал АКШ президенттигине шайланган алгачкы афроамерикалык.

Быйыл 20-январдан тарта өлкө президенттигине республикачы Дональд Трамп киришет. (SE)

XS
SM
MD
LG