Барак Обама Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчы АКШ акыркы сегиз жылда бир топ өзгөрүүлөргө туш болгонун, дүйнөлүк саясаттагы ордун бекемдегенин белгиледи. Ал Америка бараткан демократиянын жолу татаалдыгын, ал кээде чыр-чатактар менен коштолорун, айрым учурларда кан төгүлүүсү мүмкүн экенин белгилеп, Америка тандап алган өнүгүү жолу эң туура, татыктуу жол деп ырастады. Барак Обама ошондой эле сегиз жыл мурунку айткан сөздөрүнүн ишке ашканын белгилеп, Куба менен мамиленин калыбына келиши, машина куруу индустриясы жанданганын жана башка мисалдарды келтирди:
-Дагы он күндөн кийин дүйнө тынч бийлик өткөрүп берүү жараянына күбө болот. АКШда эркин шайланган бир президенттен кийинки эркин шайланган президентке бийлик өткөрүлүп берилгенине күбө болот. Биздин өлкө дүйнөдөгү эң ири, сыйлуу өлкө болуп кала берет. Демократия өнүксө, адамдардын укугу, кызыкчылыгы бирдей корголсо гана жашоо жакшы болот.
АКШнын 44-президенти, 56 жаштагы Барак Обама демократтар партиясынын өкүлү. 2008-жылкы шайлоодо жеңип, 2009-жылдын 20-январынан тарта кызматка киришкен. 2012-жылкы шайлоодо экинчи ирет президент болгон.
Мамлекет башчылыкка ат салышканга чейин Иллинойс штатынан федералдык сенатору катары эмгектенген.
Ал АКШ президенттигине шайланган алгачкы афроамерикалык.
Быйыл 20-январдан тарта өлкө президенттигине республикачы Дональд Трамп киришет.