Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар 7 миңге жетти


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев парламентте билдирди. Анын айтуусунда, илдеттин жайылуусуна сыртта жүргөн мигранттардын ооруну жуктуруп келе жатканы негизги себеп болууда. Аткаминердин бул сөзүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери кескин четке кагып, анын сөзүн мекендештерди шылдыңдоо деп баалады:

-Казакстан, Орусияда ВИЧ азайып жатса, ал жактан кантип биздин мигранттар ВИЧти алып келип жатат? Кыргызстанда мигранттар СПИД жайылтып жатат деген сөз, биздин сыртта жүрүп, иштеп, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошуп жаткан мигранттарды шылдыңдоого жатат. Министр орун басары сөзү үчүн мигранттардан кечирим сурасын.

Амангелди Мурзалиев бул сынга статистикалык маалымат менен жооп берип, 2017-жылы 47 сыртта жүргөн кыргызстандык ВИЧ оору жуктуруп келгенин белгиледи.

Ушул тапта парламент “ВИЧ/СПИД жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү маселесин карап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG