Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:59

Социалдык тармактардагы активисттер кичинекей баласынын көзүнчө аялды зордуктады деген таксистти төрт жылга эркинен ажыраткан Тоң райондук сотунун үстүнөн кызматтык текшерүү жүргүзүүнү талап кылышууда. Алар бул үчүн башка жарандардын да колун чогултушууда. Кызматтык текшерүү жүргүзүү үчүн 1500 кишинин колу керек, ушул тапта петицияга кол койгондордун саны 1363 адам кол койгон.

Өткөн жылы Ысык-Көлдө жергиликтүү таксист балалуу жүргүнчү аялды зордуктаган деген шек менен кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча соттук териштирүү декабрь айында Тоң райондук сотунда жүргөн. Жаңы жылдын алдында сот чечим чыгарып, таксистти төрт жылга эркинен ажыраткан.

Бирок, айыптоочу тарап райондук соттун чечими менен макул болбой, Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз жолдонгон. Прокуратура жаранды 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG