Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Орусияны бардык спорттук таймаштардан четтетүү сунушталды


Орусиянын спортчуларынын көбү кызытма колдонуп келгени 2016-жылы аныкталган.
Орусиянын спортчуларынын көбү кызытма колдонуп келгени 2016-жылы аныкталган.

19 мамлекеттин Улуттук допингге каршы уюмдары (НАДА) Орусияны бардык таймаштардан четтетүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле Москванын кызытмага каршы системасы Эл аралык допингге каршы агенттик-ВАДАнын эрежелерине шайкеш келмейинче Орусияны бардык эл аралык мелдештерди өткөрүү укугунан да ажыратууну сунушташты.

Бул тууралуу Дублинде 10-январда өткөн НАДАнын жыйынында айтылды.

Жыйындын соңунда таратылган билдирүүдө допинг колдонбогон орусиялык спортчулар таймаштарда өз алдынча, Олимпиада комитетинин туусунун алдында катыша алары айтылат.

Документте жазылгандай, бул талаптар Орусиянын спортчулары мамлекеттин колдоосу менен допинг колдонгону аныкталгандан кийин сунушталды.

Мындай айыптоолорду Орусиянын Спорт министрлиги четке кагып келет.

Москва буга чейин 2017-жылы боло турган бобслей жана скелетон боюнча дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугунан ажыраган.

2018-жылы Орусияда футбол боюнча дүйнө биринчилиги өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG