Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Кандагардагы жардырууда Бириккен Араб Эмирлигинин беш дипломаты өлдү


Кандагар провинциясынын губернатору Гамаюн Азизи жана Бириккен Араб Эмирлигинин Ооганстандагы элчиси.
Кандагар провинциясынын губернатору Гамаюн Азизи жана Бириккен Араб Эмирлигинин Ооганстандагы элчиси.

10-январдын кечинде Ооганстандын Кандагар провинциясында болгон жардыруудан Бириккен Араб Эмирлигинин беш дипломаты мерт кетти.

Бул тууралуу Эмирликтин бийлиги 11-январда билдирип, президент шейх Халифа бин Зайд аль-Нахайян өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Кандуу окуя Кандагардын губернатору Гамаюн Азизи Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси менен жолугушуп жаткан маалда, борбордогу конок үйлөрдүн биринде болгон. Элчи жана губернатор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү полициянын билдиргенине ылайык, жардыруу жети кишинин өмүрүн алып, 20га чукулу жарадар болду.

Теракт үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна алган жок.

Бул 10-январда Ооганстандын аймагында катталган үчүнчү теракт болуп калды.

Күндүз Кабулдагы парламенттин жанында болгон кош жардыруудан курман болгондордун саны 38ге жетти, ал эми Гилмент провинциясындагы уруу аксакалдарынын биринин үйүндө болгон калабадан жети киши мерт кеткен. Кабулдагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG