Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Мария Шарапова апрелде чоң тенниске кайтат


"Чоң шлем" турнирлеринин беш жолку жеңүүчүсү 29 жаштагы Мария Шарапова.
"Чоң шлем" турнирлеринин беш жолку жеңүүчүсү 29 жаштагы Мария Шарапова.

Дүйнөлүк "теннис жылдызы" Мария Шарапова кайрадан чоң спортко аралашат. Кызытма колдонгону үчүн 15 айга таймаштардан четтетилген Шарапова мелдештерден четтетүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу апрель айында Германияда өтө турган Штутгарт таймашына катышат. Мындай маалымат мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Шарапова өзү социалдык баракчаларына “Күйөрмандарым менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам” деп жазды. Ал Штутгарттагы мелдеште үч жолу жеңүүчү аталган.

"Чоң шлем" турнирлеринин беш жолку жеңүүчүсү 29 жаштагы Шарапова акыркы он жылда ден соолугуна байланыштуу мельдоний деген дарыны ичип жүргөнүн моюнга алган. Ал дары тыюу салынган кызытмалардын тизмесине киргенин билбегенин ырастаган.

Мындан улам Эл аралык теннис федерациясынын допингге каршы комитетинин чечими менен Шарапова мелдештерден эки жылга четтетилген. Кийин Спорт боюнча арбитраждык сот бул мөөнөттү 15 айга чейин кыскарткан. Акыркы жолу спортчу таймашка 2016-жылдын январь айында чыккан.

XS
SM
MD
LG