Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

2016-жылдын он айында Кыргызстанга четтен 2 млрд доллар акча которулган


Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдагандай, 2016-жылдын он айында сырттан которулган акчанын суммасы 1,940 млрд долларды түздү. Анын ичинен Орусиядан 1,9 млрд доллар, АКШдан 3 млн, Казакстандан 0,5 млн доллар акча которулган.

Кыргызстанга Орусиядан эң көп акча 2013-14-жылдары которулган. Бул жылы мигранттардан которулган акча 2 млрд долларга жеткен. 2013-жылы 2 млрд 80 млн доллар, 2014-жылы 2 млрд 26 млн доллар которулган.

Кийинки жылы Орусиядагы кризиске, рублдин күчүн жоготуусунан улам, Кыргызстанга акча которуу эки эсеге азайган. 2015-жылы Орусиядагы мекендештерден 1,1 млрд доллар акча которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG