Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Ташкенттин акими Албек Ибраимовду куттуктады


Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов Албек Ибраимовду Бишкектин мэри болуп шайланышы менен куттуктады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Усманов бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков менен жолугушкан учурда куттуктоосун айтып, аны Ибраимовго жеткирүүнү суранды. Өзү жакын арада жеке кат жолдой турганын белгиледи.

Бүгүн Бишкек шаарында мэр шайлоо өтүп, Албек Ибраимов 29 добуш менен депутаттардын колдоосуна ээ болду. Атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добуш алды. Эки депутат баарына каршы болушту.

Шаардык кеңеште 45 депутат бар. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG