Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Казакстан жүк ташууга койгон чектөөлөрдү алды


Кыргыз-казак чек аарсы.
Кыргыз-казак чек аарсы.

Казак тарап Кыргызстандан Орусияга ташылчу азык-түлүктү автоунаа менен алып өтүүгө койгон чектөөлөрдү жойду. Мындай чектөөнү коңшу өлкө 3-январда киргизип, азыктар темир жол менен гана ташылышы керектигин Бишкекке күтүүсүз кабарлаган эле. Кыргызстан бул боюнча түшүндүрмө берүүнү сураган катын 5-январда жолдогон.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Казакстандын премьер-министринин орун басары – айыл чарба министри Аскар Мырзахметов буга жооп кат жиберди. Анда казак өкмөтү койгон чектөөлөр алынып, жүк ташуу мурунку калыбында улантылары айтылат.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан Казакстан аркылуу товарлардын 86 түрүн ташууга уруксат бар. Анын 46сы эл аралык нормаларга ылайык, поездде гана ташылышы керек. Калганын жүк унааларында алып өтүүгө уруксат. (SE)

XS
SM
MD
LG