Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Жети-Өгүздө милиция бөлүмүндөгү өлүм боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук Ички иштер бөлүмүндө жанын кыйган шектүүнүн өлүмү боюнча облустук прокуратура иликтөө жүргүзүүдө. Аталган көзөмөл органынын маалыматына ылайык, милициядагы жооптуу кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси, “Шалаакылык” боюнча кылмыш иши козголду.

Тамга айылындагы мейманканага өрт койгон деген шек менен кармалган 25 жаштагы жергиликтүү жигит 8-январдын түнүндө милиция бөлүмүндө бут кийиминин боосуна асынып алган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG