Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен биргелешкен ишканаларды ачууга, бизнес форумдарды уюштурууга кызыкдар. Андан тышкары, ишкерлик жаатында, унаа, турак-жай жана коммуналдык маселелер багытында тажрыйба алмашуучу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Бул маселе 11-январда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов менен жолугушуусунда талкууланды.
Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча да пикир алышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөдө кыргыз жана өзбек калктарынын маданият күндөрүн уюштуруу маселеси да макулдашылды.
Соңку жылдары мамилеси сууп кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 2016-жылдын күзүнөн тарта ымала жакшы нукка өзгөрө баштады. (SE)