Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:06

Бишкектеги жылгаяк жолдон колу-бутун кокустаткан адамдар көбөйдү


Жаңы жылдан берки он күн аралыгында Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 195 адам кайрылган. Алардын ичинен 40 киши тайгаланып жыгылып, колу-буттарын кокустатып алышкан. 155 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланган.

Бул тууралуу маалымдаган Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды кышкы суукта тоңгон жолдордо абайлап жүрүүнү эскертет. Өзгөчө унаалар көп жүргөн чоң жолдордон өтүүдө, муз катып калган тепкичтерден чыгып-түшүүдө өтө этияттык керектигин эскерткен министрликтин басма сөз кызматы кокустукка кабылган киши өз алдынча дарыланбай, дарыгерге кайрылуусун сунуштайт.

Бишкектеги тротуарларга кум себилбей, жолдор көк музга айланып, андан кокустаган кишилер көбөйгөнүн ЖК депутаты да бүгүн парламент отурумунда көтөрүп чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG