Ооган талиптери былтыр августта уурдап кеткен америкалык жана австралиялык жарандар тууралуу тасманы жарыялашты.
Кевинг Кинг жана Тимоти Уиксти иштеп аткан жеринен - Кабулдагы Америка университетинин жанынан уурдап кетишкен. 11-январь күнү интернетке тараган видеодо Уикс тасма 1-январда тартылганын билдирген.
Уикс АКШнын шайланган президенти Дональд Трамка кайрылып, талиптердин талабын айтты. Анда Уикс менен Кинг Баграм базасында жана Кабулдун четиндеги камакта жаткан кишилерге алмаштырылышы керектиги билдирилген. Эгер талап аткарылбаса алар өлтүрүлөт.
2016-жылдын сентябрында АКШ расмийлери уурдалган эки кишини бошотууга аракет кылышкан, бирок алар атайын операция өткөрүлгөн жерден табылган эмес. (SE)