Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

Өкмөт башчы эки күндүк иш сапары менен Баткенде жүрөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 12-13-январь күндөрү Баткенде Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорун кыдырып, бир нече социалдык объекттердин ачылышына катышат. Мындан тышкары Кадамжайдагы сел бузуп кеткен көпүрөнүн оңдоо иштери менен таанышат.

Ошондой эле өкмөт башчы аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунан кабар алып, Баткен районундагы Ортобоз айлындагы бала бакчанын ачылышына катышат. Ошол эле райондогу Паскы-Арык айлындагы орто мектептин курулушу менен да таанышат.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Лейлек районундагы ветеринардык экспертиза борборуна барат. Райондун Тогуз-Булак айылына курулуп жаткан мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат.(JsA)

XS
SM
MD
LG