Орусиядагы Чеченстан жумуриятында 11-январда өткөрүлгөн атайын операциянын учурунда ондогон согушкерлер кармалып, беш адам мерт кеткенин билдирди. Бул тууралуу аймактын лидери Рамзан Кадыров билдирди.
-Курчалоевск районунун айылдарында өткөн атайын операцияда төрт согушкер жок кылынды, коопсуздук күчтөрүнүн бир кызматкери мерт кетти, - деди Кадыров.
Дагы бир куралчан согушкер качып кетүүгө үлгүргөн.
Кармалгандардын жанынан жардыруучу заттар, курал-жабдык табылган. Ошондой эле Чеченстандын лидери кармалгандардын айрымдары 2006-жылы жок кылынган террорчу Иса Мусакаевдин туугандары экенин билдирди.
Байкоочулардын баамында, Түндүк Кавказдагы кырдаал оор бойдон калууда. Аймактагы жумушсуздук жана коррупция жаштардын радикалдашып кетүүсүнө түрткү болууда.