Алар облус аймагында былтыркы жылы кылмыштуулуктун бетин ачуу жана диний экстремизмге каршы туруудагы кетирген кемчиликтери үчүн жазага кириптер болду. Бул тууралуу облустук ИИБда өткөн жыл жыйынтыгын караган ыкчам кеңешме учурунда айтылды. 9 милиция кызматкерине сөгүш, үчөөнө катуу сөгүш, эскертүү жана кызмат орундарынан бошотуу жазалары бар. Былтыркы жылы облуста 2400дөн ашык кылмыш иши катталып, анын 89% гана бети ачылган.
Кылмыштуулуктун бетин ачуудагы алдыңкы көрсөткүчтөрдү Базар-Коргон жана Токтогул райондук ички иштер бөлүмдөрү камсыз кылды. (RsK)