Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Таш-Көмүрдө заводдун жумушчулары бир жылдан бери маяна алыша элек


Бүтпөгөн курулуш.
Бүтпөгөн курулуш.

Казакстандык «Авиньон» компаниясы куруп жаткан Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери маяналарын алыша элек. Бул тууралуу заводдун курулушун жүргүзүү боюнча дирекциянын башчысы Талант Исмаилов “Азаттыкка” билдирди.

Казакстандык компания 2015-жылдын соңунда курулушун токтотуп, каржылоону да үзүп салган. Компания курулуштун күзөтчүлөрү менен завод социалдык камсыздоо үчүн өзүнө алган суу топтогучтун кызматкерлеринин маянасын төлөп берүүгө тийиш болчу. Бирок 30га чукул жумушчу 2016-жыл ичинде бир дагы тыйын акча алышкан жок. Исмаиловдун айтуусунда, казакстандык компания жаңы жыл алдында гана азыраак акча которуп бергени болбосо, алар дээрлик маянасыз иштеп келе жатышат. Бул жагдай эки өлкө ортосундагы зоводду куруу боюнча келишимдердин бүтпөй калуусунан улам чыгууда.

Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн биргелешкен келишимине ылайык ферросиликоалюминий заводунун курулушу 2014-жылдын июль айында башталган. Кыргыз өкмөтү тарабынан документ иштеринин толук бүтпөй жатышы зоводдун курулушун кечеңдетүүдө.

Завод курулушуна Түштүк Кореядан 75 млн доллар инвестиция каралган. Эгерде ал ишке кирсе жылына 200 миң тонна продукция өндүрүп, миңге чукул адам жумуш менен камсыз болмок.(RsK)

XS
SM
MD
LG