Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

УКМК Акыйкатчынын кыйноолор боюнча билдирүүсүн четке какты


УКМК тергөө абагында кармалып жаткан Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевдин кыйноолорго кабылганы тууралуу Акыйкатчы институтунун билдирүүсү туура эмес деп эсептейт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Анда айтылгандай, М. Кунакунов менен А. Жумагазиев тергөө абакта кармалгандан бери Башкы прокуратура тарабынан ай сайын текшерүүгө алынып турган. Текшерүү учурунда мыйзам бузуулар жана кыйноолор аныкталган эмес. Мындан тышкары акыйкатчы Кубат Оторбаев былтыр апрель айында УКМКнын тергөө абагын өзү кыдырып, Максат Кунакунов менен маектешкен. Анда кыйноолор тууралуу сөз болгон эмес.

Ошондой эле М. Кунакунов менен А. Жумагазиевдин адвокаттары алар менен дайыма жолугуп турууга укуктуу. Тергөө иштери, сурак адвокаттардын катышуусунда жүргүзүлүп, аудио жана видео каражаттарына тартылат. Акыйкатчы институту бир тараптуу, текшерилбеген маалымат тараткан деп белгилейт УКМКнын басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG