Нарын шаарындагы 9-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Өспүрүмдүн жансыз денесин жакындары 8-январь күнү өз үйүндөгү короодо асылып турган жеринен табышкан. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Айзат Мырзаканова билдирди. Өспүрүмдүн жанын кыйышына эмне себеп болгону аныктала элек.
Өмүрүнө кол салган өспүрүм чоң атасынын колунда болчу. Ал жанын кыярдан мурун кат жазып, калтырып кеткен. Катында чоң ата, чоң энесинен кечирим сураган, апасы тууралуу сөз кылган эмес. Айрым маалыматтар боюнча баланын атасы каза болгон соң, энеси аны кайындарына калтырып кеткен.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйган учурлар көп катталууда. Өткөн жылы 80ден ашуун бала өз өмүрүнө кол салган. (MiK)